16-апрелге карата соңку бир сутка ичинде Кыргызстанда коронавирус жуккан дагы 17 адам катталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Алардын бешөө Бишкекте. Ош облусунда бирөө, Нарын облусунда 11 адам.
Бир суткада 13 бейтап сакайып чыкты.
Ошентип, жалпысынан 16-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус 466 адамдан табылды, алардын бирөө каза тапты, 91 адам айыгып чыкты.
Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген. 14-апрелде мындай абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду.
Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда илдеттин жайылышынын туу чокусуна жете турган мөөнөттү 20-24-апрель деп божомолдоп жатат.
16-апрель: Кыргызстанда коронавирус дагы 17 адамдан табылды
Теги
АзаттыквидеоКыргызстанкабаржаңылыкжанылыкжаңылыктаржанылыктарБишкекновости КыргызстанаКыргызстан новостиКР новостипоследние новости КыргызстанаНовости Кыргызстана АзаттыкКыргыщстан жаңылыктарыНТС жаңылыктарКТРК жаңылыктарКыргызстан жанылыктарыКыргызстан жаңылыктарби би сиби-би-си жаңылыктарби би си жаңылыктарКыргызстан коронавирусби би си жанылыктаркыргызкыргыздарроссиядагы кыргыздарорусиядагы кыргыздаркоронавирусcovid-19COVID-19