Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккан 11 адам жаңы катталды. Бул тууралуу 8-майда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Үсөнбаевдин айтымында, алардын бешөө Бишкек шаарында, үчөө Чүй облусунда жана Жалал-Абад облусунда да үчөө.
Бир суткада 13 бейтап айыгып чыкты.
Жалпысынан 8-майга карата Кыргызстанда коронавирус 906 адамдан табылды, алардын ичинен 12 бейтап кайтыш болду, 650 бейтап айыгып чыкты.
906 адамдын 226сы медицина кызматкери, алардын 163ү айыкты, бирөө каза тапкан.
Коронавируска байланыштуу Кыргызстанда Коопсуздук кеңешинин чечими менен Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Ат-Башы районунда 10-майга чейин өзгөчө абал, ал эми калган аймактарда өзгөчө кырдаал режими калтырылган.
Ещё видео!