Салам! Бүгүнтөн тарта көп балалуу ата-энелер менен маектешип, балдарды тарбиялоодогу тажрыйбаларын билүү үчүн жаңы рубрика баштайбыз.
Биринчи коногубуз – “Jannataccessories” дүкөндөр тармагынын негиздөөчүсү, көп айымдар үлгү алган блогер, 5 баланын апасы Жаннат Атабаева.
Башында белгилегендей, Жаннат көп балалуу эне, 10 жылдан ашык убакыттан бери кайын-журту менен жашайт, балдарын мекенине, кыргыз тилине болгон сүйүүсүн ойготуу менен тарбиялайт. Бүгүнкү интервьюда кыргызча билим берген мектеп, бала бакча издөө жана кайын атасы, кайын энеси менен биргеликте балдарды тарбиялоо тажрыйбасы менен бөлүштү. Мындан тышкары, бизнесиң жана 5 балаң болгондо, жолдошуң менен мамилени кантип сактоо керектиги тууралуу лайфхактарды айтып берди.
►Жаннат Атабаеванын инстаграм баракчасы:
[ Ссылка ]
Биздин каналга катталып, жакындарыңыз менен бөлүшкөндү унутпаңыз!
00:00 Трейлер
00:35 Жаннат дагы балалуу болобу?
01:55 Эмне үчүн катталдым?
03:15 Үйдө өзүбүздүн мыйзамыбыз бар.
05:40 Кыргыз тилдүү мектеп издесек, дээрлик жок экен.
07:45 Өзүңдү угушуң керек...
10:56 Кантип баарына жетишет?
13:10 Энергияны кайдан алат?
14:55 Ар бир балага кантип убакыт бөлөт?
17:07 Атам менен апамды мектептен кууп чыкты...
20:20 Балдардын тили өз убагында чыгыш үчүн кандай аракеттерди көргөн?
25:27 Үйдөгү тарбиялоодон чыккан пикир келишпестик тууралуу
29:00 Апам (кайненем) менин эң башкы колдоочум
35:17 Иш графиги кандай түзүлөт? Тайм-менеджмент
40:35 "Jannataccessories" болбогондо эмне жумуш кылат эле?
44:55 Ишкерликтен кандай сабак алган?
46:55 Ар бир баланын шыгы бар.
51:45 Мен - “романтик", жолдошум - “реалист".
56:15 Балдарына кыргызча үйрөтөйүн деген ата-энелерге кеңеш.
58:49 Кыргыз мектептеги билим берүү системасы орус мектептен айырмаланабы?
01:00 Конкурс
01:01 Эпилог
#ЖаннатАтабаева #Алдей #көпбалалууэне #кыргызстан
Ещё видео!