Бүгүн, 29-январь күнү ЖКнын кезектеги жыйынында “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору каралды.
Депутат Кабанычбек Нурматов: "Бул мыйзам жалпысынан коомчулукка кандай көмөк көрсөтөт" - деп суроо салды.
"Биз жумушсуз жарандарды иш менен камсыз кылууга көмөк көрсөтөбүз. Биринчиден, биз вакансиялардын жарманкелерин өткөрөбүп, жумушка өткөргөнгө аракет жасайбыз. Экинчиси, кайра окутуу же болбосо жаңы кесипке ээ болуш үчүн окууга жөнөтөбүз" - деп түшүндүрдү Камалдин Токтосартов.
Мындан сырткары депутат :"Бир адамга ар бир айда 300 сом берилет экен. Ал бир айга жетпейт да. Жок дегенде, жөлөкпулду бир кап унга жеткендей кылып бергиле да. Мен сизге азыр 2000 сом берейин жашап көрүңүзчү" - деп айтты депутат.
"Албетте бир айга 300 сом жетпейт. Бул маселени биз программага акырындап киргизели деп жатабыз" - де жооп кайтарды Камалдин Токтосартов.
Ещё видео!