– Кант диабети бул кандагы канттын деңгээлинин өнөкөт жогорулашы, анын себебинин бири, уйку безинин жабыркоосунан келип чыгат. Уйку безде альфа , бета клеткалары болот. Альфа клеткаларында кантты көтөрүүчү зат бар, ал эми бета клеткалары кандагы кантты төмөндөтүүчү инсулин бөлүп чыгарат. Диабеттин пайда болуу себебинин бири, ошол бета клеткалары жабыркап, организмге керектүү инсулин чыкпай калганда кант диабети пайда болот. Экинчи себеби, ткандардын инсулинге болгон сезгичтигинин начарлашы да алып келет. Эки гормондун негизги милдети, кандагы канттын өлчөмүн бир калыпта кармоо болуп саналат.
Анара Дүйшөналиева Lady.kg
Ещё видео!