Жергиликтүү шайлоолорго үч күн калды. Буга чейин мелүүн өтүп жаткан шайлоо өнөктүгү соңку бир суткадан бери кызып, Бишкек шаардык кеңешине ат салышып жаткан Социал-демократтар партиясына байланыштуу окуялар өнүгүүдө. 13-ноябрда шаардык милиция Социал-демократтар партиясынын штабын басып, добуш сатып алууга айыпталган эки адам камакка алынды. Мурдагы президент Атамбаевге байланышы бар бул партиянын лидери Темирлан Султанбековду милиция кармап кеткени кабарланууда. Президент Садыр Жапаров баш болгон бийлик бул шайлоолор таза өтөрүн, ага эч ким кийлишпесин убада кылып жатат. “Эксперттер талдайт” берүүсүндө шайлоо кампаниясы, соңку кырдаалды талкуулайбыз.
#эксперттерталдайт #бишкек #шайлоо
_____________________________________________________________________
ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт.
Биздин сайт - www.azattyk.org
Instagram - [ Ссылка ]
[ Ссылка ]
Фейсбук - [ Ссылка ]
[ Ссылка ]
Ютуб -[ Ссылка ]...
Телеграм - [ Ссылка ]
[ Ссылка ]
Ещё видео!