Кыргыздын каада-салты, маданияты көргөзмөдө жылаңач аял чыккандан бузулуп кетпейт. Мындай пикирди Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз бүгүн, 3-декабрда «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин китебинин ачылышынан чыгып келе жатып билдирди.
“Мен өзүм аталган көргөзмөгө катышкан жокмун. Он кадам баскан аял биздин үрп-адатыбызга кедергисин тийгизбейт. Биз сабыр кылганды үйрөнүп, коомдогу маанилүү маселелерге көңүл бурушубуз зарыл. Себеп дегенде, ушул сыяктуу майда барат нерселер чоң көйгөйлүү проблемалардан элдин көңүлүн алагды кылып келет. А балким атайы жасалып жаткан аракеттерби деген ой пайда болбой койбойт”,-деди эл өкүлү.
Ещё видео!