Президент Садыр Жапаров ата мекендик спортчулардын Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарына даярдыгы тууралуу соцтүйүндөгү сындарга жооп берди. Өлкө башчынын айтымында, ар бир спортчуга тамак-ашы, кийими жана витаминдери үчүн 5 миң доллардан берилген.
Президент ошондой эле уюштуруу жагынан Олимпиадалык комитеттен кемчиликтер кеткенин айтып, спортчуларды диетолог жана психологдор менен камсыздап коюшса болмок деп белгиледи.
«Уюштуруучулардын (Париждин) тамагы жакпаса, спортчулар ар бири өздөрү үчүн кам көрүп алса деле болмок. Олимпиада алдында, 15-20 күн мурда ар биринин колуна тамак-аш, витамин, кийим-кечек керек болсо сатып алгыла деп 5 миң доллардан бергенбиз. Кыскасы, баскан-тургандары кененирээк болсун дегенбиз».
#олимпиада #кыргызстан #париж #акжолмахмудов #узурджузупбеков #айсулуутыныбекова
Каналга жазылуу: [ Ссылка ]
Биздин веб-сайт: [ Ссылка ]
Facebook: [ Ссылка ]
Twitter: [ Ссылка ]
Instagram: [ Ссылка ]
Ещё видео!