КМШ өлкөлөрүнүн Юстиция министрлеринин кеңешинин он бешинчи жыйыны болуп өттү
2021-жылдын 15-декабрында Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан өлкөлөрүнүн Юстиция министрлеринин Кеңешинин он бешинчи жыйыны видеоконференц-байланыш форматында өттү.
Бул жылы жыйын Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Баетов Аяз Батыркуловичтин төрагалыгы менен өткөрүлдү.
Иш-чарада Кыргыз Республикасынын Юстиция министри өлкөдө ишке ашырылып жаткан ченемдик-укуктук актыларды масштабдуу инвентаризациялоо жана алардын мазмунун де-бюрократташтыруу боюнча Министрликтин демилгеси, анын ичинде мамлекеттик кызматтын мобилдүүлүгүн арттыруу жана өлкөнүн бардык укуктук тутумунун натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле юстиция тутумунда жүргүзүлүп жаткан санариптештирүү тууралуу маалымат менен бөлүштү.
Кеңештин мүчөлөрү ченемдик укуктук актыларды жана алардын долбоорлорун укуктук экспертизадан өткөрүү жана нотариалдык иштерди өркүндөтүү боюнча жаңы ыкмаларды талкуулашты. Калктын укуктук аң-сезимин жогорулатууда жана укуктук агартууда КМШнын юстиция министрликтеринин ролу өзгөчө белгиленди.
Иш-чарага Армения Республикасынын Юстиция министри К.А. Андреасян, Беларусь Республикасынын Юстиция министри С.Н. Хоменко, Россия Федерациясынын Юстиция министринин биринчи орун басары Е.Л. Забарчук, Тажикстандын Юстиция министри М.К. Ашуриён, Өзбекстан Республикасынын Юстиция министри Р.К. Давлетов катышты.
Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан өлкөлөрүнүн Юстиция министрлеринин Кеңешинин он алтынчы жыйыны 2022-жылы Россия Федерациясында өткөрүү макулдашылды.
Маалымат үчүн: Юстиция министрлеринин Кеңеши 2005-жылы 26-августунда Казань шаарында Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан өлкөлөрүнүн Мамлекет башчыларынын Кеңешинин чечими менен түзүлгөн.
Кеңештин милдеттерине: катышуучу мамлекеттердин Юстиция министрликтеринин кызматташтыгын координациялоо жана камсыздоо, КМШга катышкан өлкөлөрдүн мыйзамдарын шайкеш келтирүү; достук байланыштарды өнүктүрүү жана мыйзамдар жөнүндө, укуктук саясатты түзүү жана ишке ашыруу жөнүндө маалыматтарды алмашуу кирет.
***
Состоялось пятнадцатое заседание Совета министров юстиции государств – участников СНГ
15 декабря 2021 г. в формате видеоконференцсвязи состоялось пятнадцатое заседание Совета министров юстиции государств – участников Содружества Независимых Государств.
В этом году заседание прошло под председательством министра юстиции Кыргызской Республики Баетова Аяза Батыркуловича.
На мероприятии он поделился информацией о реализуемой в стране масштабной инвентаризации нормативно-правовых актов и инициативе Министерства по де-бюрократизации их содержания, в том числе для повышения мобильности госслужбы и эффективности всей правовой системы страны, а также о проводимой цифравизации в системе юстиции.
Члены Совета обсудили новые подходы к проведению правовой экспертизы нормативных правовых актов и их проектов, к совершенствованию нотариальной деятельности. Особо была отмечена роль Министерств юстиции СНГ в правовом просвещении и повышении правосознания населения.
В мероприятии приняли участие министр юстиции Республики Армения К.А. Андреасян, министр юстиции Республики Беларусь С.Н. Хоменко, первый заместитель министра юстиции Российской Федерации Е.Л. Забарчук, министр юстиции Таджикистана М.К. Ашуриён, министр юстиции Республики Узбекистан Р.К. Давлетов.
Очередное, шестнадцатое заседание Совета министров юстиции государств – участников СНГ, пройдет в 2022 году в Российской Федерации.
Для сведения: Совет министров юстиции был создан решением Совета глав государств – участников Содружества Независимых Государств от 26 августа 2005 года в г. Казань.
В задачи Совета входят координация и обеспечение сотрудничества Министерств юстиции государств – участников, содействие гармонизации законодательств государств – участников СНГ; развитию дружественных связей и обмен информацией о законодательствах, о формировании и реализации правовой политики и другие.
Ещё видео!