Ички иштер органдарынын кызматкерлерин медициналык жактан камсыз кылууну уюштуруу тарыхы 1930-жылы башталган. Анда Фрунзе шаарында жумушчу-дыйкандар милициясынын кызматкерлери үчүн биринчи амбулатория ачылган. Андан соң, 1940-жылы биринчи бейтапкана курулган.
Мезгилдин талабын эске алуу менен жана кызматкерлерге медициналык кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу максатында 1970-жылы бейтапкананын жаңы үч кабаттуу имараты курулган. Жыл сайын дарыгерлер тобу жана орто медициналык кызматкерлер облустарга барып, жеринен профилактикалык медициналык кароолорду жүргүзүп, дарыланууга жана диспансердик байкоого муктаж болгондорду табышкан.
Убакыттын өтүүсү менен бул нерсе жетишсиз болуп, облустардын борборлорунда медициналык кызматтарды уюштуруу маселеси пайда болгон. Ош шаарында 25 орундуу бейтапканасы жана стационары бар биринчи мындай кызмат түзүлгөн. Андан кийин медкызмат Ысык-Көл, Нарын жана Талас, Жалал-Абад жана Баткен облустарында пайда болгон.
Мурда медициналык кызматтын, кийин Медициналык бөлүмдүн жетекчиси болуп иштегендер: Аничков В., Нестеренко И., Струков С., Ватаженко В., Егиазарова В., Кондратенко Е., Кыштобаев Т., Чодобаев Т., Абдымусаев А., Алимбаева Л., Жакыпов Ж.
Госпиталдык-бейтапканалык бирикмени жетектеп келгендер: Фадеева М., Ваварина Р.,Рыскулов К., Водовский В., Муратов А., Асанов А., Искендеров 3., Акбаева Ж., Талипова Р.
2007-жылы Иички иштер министрлигинин түзүмдүк кайра уюштуруусуна байланыштуу, Медициналык бөлүм ички иштер министрлигинин Медициналык башкармалыгы болуп аты өзгөртүлгөн.
Азыркы убакытта Кыргыз Республикасыны Ички иштер министрлигинин саламаттыкты сактоо мекемеси ички иштер органдарынын кызматкерлерине жана ардагерлерине, алардын үй-бүлөлөрүнө медициналык тейлөөнү камсыз кылат.
Ошондой эле ички иштер органдарында жана ички аскерлерде аскердик-медициналык экспертиза жана медициналык күбөлөндүрүү жүргүзөт, ИИМдин объектилерине санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кылат.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин Медициналык башкармалыгы саламаттыкты сактоо мекемесинин негизги өнүгүү багыттарын аныктайт, мекеменин ишмердүүгүн жетектейт. Анын карамагына Бишкек шаарындагы ИИМдин госпиталы жана бейтапканасы, облустардагы 6 медициналык кызматтары, аскердик-дарыгердик комиссиясы, стомотологиялык кызматы, ИИМдин санитардык - эпидемиологиялык көзөмөл борбору жана Психологиялык кызматы карайт.
Татыктуу жетекчилердин жетектөөсү алдында ички иштер органдарынын кызматкерлеринин ден соолугуна кам көрүүнү, дарылоону, алдын алууну улантат.
Кызматыбыз эл үчүн!
ИИМдин Басма сөз кызматы
Ещё видео!