Биздин экинчи каналыбызга жазылып койгула!
Турмуш, Чыгарма, Окуялар
[ Ссылка ]
Эки күн өтүп үчүнчү күнү Тимур аялын, эки уулун, таттуу дасторконго койчу дүр дүнүйөнүн баарын алып келип түшүрүп Светанын оңолуп калганын көрүп кубанып алды ичинен: «Эми адам болоор, уяты болсо, элди чогултуп келейин» деп анан өзү көчө бойлоп басып жол бойундагы келинден сурай кетти:
– Чоң кыз, бул айылда айыл башчысы, аксакалдар же Абалкандын тууган-уругу кимдер экенин айтып бере аласызбы?
– Абалкан акенин туугандары бул эле жерде турушат, айыл аксакалдары деле жакын жерде.
– Анда чоң кыз, алдын ала кечирим сурайм, эгер мүмкүн болсо Эмир атасына куран окутат экен деп бала чуркатып эл чакырып бере аласызбы?
– Макул, – деген келин илбериңки үйүнө кирип кетти. Анткени Эмирдин өзүнүн тилин алмак тургай учурашпасын билип эл чакырууга атайы бирөөнү издеп чыккан. Тимур машинасындагы койду жетелеп кирип үйдөгүлөрдү бата кылууга чакырды да чечинип өзү сойууга киришти. Света менен Нази боорсок жасап дасторкон жайууга камынып атканда дагы бир машина токтоп Сарвиназ менен Кадырбек келип калды. Эмир аны жадырап жайнап тосуп алды. Кадырбекти мен иштеген кафенин «шефи» деп тааныштырды. Тимур Сарвиназдын керилген кыз болгонун Абалкан өлгөндө көрүп бирок учураша алган эмес. Кийин иштешкендери менен бир кафеге кирсе ошол жерде иштеп жатканын көрүп учурашып, таанышкан эле. Ал келээринде аны атайы чакырып келген болчу. Кек сактабаган, кичи пейил ак көңүл кыз макул болуп келген. Анын биякка келээрин уккан Кадырбек кошо келип анын элин, үй-жайын көрүп кетүүнү ойлонуп келген. Экөө баягы таанышкандан бери сүйлөшүп жүрүшкөн менен, Кадырбек ага үйлөнүү жөнүндө сунушун айта элек; «кыз экенде баары жакшы, жаман катын кайдан чыгат» деп илгеркилер төгүн айтпаса керек, демек сынайын жакшылап деп бир тууган эжесинин үйүнө жашатып койгон. Ошондон бери кайда барса чогуу жүрүшөт.
Ещё видео!