Ош шаарынын Туран муниципалдык аймактык башкармалыгында курулган 120 орундуу балдар бакчасы ачылды. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматы билдирет. Бала бакчанын салтанаттуу ачылышына Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков жана жергиликтүү тургундар катышты. 120 орундуу «Аймончок» балдар бакчасы толугу менен жергиликтүү казынанын эсебинен курулду. Ош шаарында 45 мамлекеттик, 25 жеке менчик балдар бакчалары өздөрүнүн тарбия-таалим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатат, жалпысынан аларга 15 миң 580 бала барат.
Ещё видео!