Өлкө аймагында дагы 14 адамга коронавирус жукканы аныкталды. Ушуну менен СOVID-19га чалдыккандар 568 адамга жетти.
Эки адам оорудан каза тапты. Чүйдөн 70 жаштагы аял, Ош шаарында 79 жаштагы эркек киши. Экөөндө тең коронавирустан тышкары өнөкөт оорулары да болгон.
Акыркы суткада 68 адам илдеттен айыгып чыккан. Жалпы ооруну жеңип чыккандардын саны 201 адамга жетти.
Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 20-апрелде билдирди.
Жалал-Абад облусунда – 105, Ош облусунда – 147, Ош шаарында - 87, Чүй облусунда – 32, Бишкек шаарында – 115,Баткен облусунда – 6, Нарын облусунда – 68, Ысык-Көл облусунда – 8 киши. Алардын 140 медкызматкерлер.
Ещё видео!