Бул романда мен Адилет аттуу табиятынан адамдан артык, сырдуу касиет менен жаралган кыргыз уулунун татаал, бирок максаттуу өмүрүн баяндадым. Төрөлгөндө эле адамдардын адилетсиздигине дуушар болгон бул бала тибет элинин улуу архаты (олуясы) ыйык Миларепанын миң жылдан кийин кайра жаралган түгөйү катары өзүнүн бүткүл өмүрүн жер жүзүндөгү адилеттик үчүн күрөшкө арнайт.
Бир кезде биз, тарыхый шартка жараша, көзү ачыктык, кара сыйкыр, ак сыйкыр, гипноз, левитация (асманда учуу жөндөмү), кайып дүйнө, бакшылык ж. б. сыяктуу көркөм-философиялык ой жүгүртүүнүн баа жеткис мыкты куралдарынан ажырап калганбыз. Нарксыз, кунсуз, кыялсыз, жайдак рух менен жашап келгенбиз. Булардын баардыгын бир гана: «кыялый миф» деген мокочо ат менен тындым кылган элек.
Чындыгында мифтик уламыштар кээ бир учурларда ойдон чыгарылган калп болгон күндө дагы адамдын аңсезимин, ниетин чындыкка чакырып турган накыл сөз эмей эмине? Алар бизге ошонусу менен кымбат! Кыял болсо – өзүбүздөн алдаканча алдыга озуп, кең ааламдан адам баласы үчүн бакыт издеген Зымырык куш эмеспи!
«Архатты» окуган ар бир окурманым мына ушул эки жагдайды эске алса деген тилегим.
Автор
"Архат" - Казат Акматов | 1-бөлүм | Кыргызча аудио китеп | Рух Азык
***
📣Эскертүү❗️❗️❗️
“Рух азык” каналына жүктөлгөн баардык видео материалдарды, аудиокитептерди көчүрүп таратууга же башка каналга жүктөөгө тыюу салынат❗️ Баардык укуктар корголгон©️
***
"Жыландын сүйүүсү" - Жыпаркүл Исабаева
⬇️
[ Ссылка ]
***
"Тоолор кулаганда" Чыңгыз Айтматов
⬇️
[ Ссылка ]
***
"Чоочун киши" Зуура Сооронбаева
⬇️
[ Ссылка ]
***
"Адам болгум келет" Төлөгөн Касымбеков
⬇️
[ Ссылка ]
***
"Бриллиант жылан" Чолпонбек Абыкеев
⬇️
[ Ссылка ]
***
"Мунабия" Казат Акматов
⬇️
[ Ссылка ]
***
"Астра гүлү" Зуура Сооронбаева
⬇️
[ Ссылка ]
***
"Ээсине кайткан роза" Нуржигит Кадырбеков
⬇️
[ Ссылка ]
***
"Гүлсарат" Чыңгыз Айтматов
⬇️
[ Ссылка ]
***
| кыргызча аудио китеп | аудио книга | Кыргызстан | Рух азык |
Ещё видео!