Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы Нурлан Мотуев кармалганын бүгүн, 31-октябрда билдирди.
16-октябрда шаардык милициянын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлери социалдык түйүндөргө мониторинг жүргүзүү учурунда Мотуев өзүнүн @nurlan_motuev_official деген аккаунтунда улуттук азчылыктардын өкүлдөрүнө карата терс ой-пикирин айткан видеону жарыялаганын аныкташкан.
Бул факт боюнча тергөөгө чейинки текшерүү башталып, анын алкагында экспертиза дайындалган. Жыйынтыгында Мотуевдин сөздөрү улуту боюнча адамдын артыкчылыгын, кемчилигин пропагандалоону камтыганы жана изилдөө үчүн берилген материалдарда улуттар аралык кастыктын лингвистикалык белгилери бар экени аныкталды, деп белгиледи милиция.
Ещё видео!