Владимир Путин мобилизация жарыялаган соң Орусиянын 35 шаарында ири нааразылык акциялар болуп, үч миңге жакын киши кармалды. Орус бийлиги фронтко баш-аягы 300 миң кишини тартууну көздөрүн билдирди. Армияга Орусиянын жарандыгын алган мигранттар да тартылууда. Бугай чейин мобилизация жарыяланбайт деп ишендирип келген Путиндин чечими эмне себептен өзгөрдү? Согушка баргысы келбеген мигранттар эмне кылышы керек? Кыргызстандын паспорту бар жарандар чек арадан өтө алабы? Ушул жана башка суроолорго "Биз жана Дүйнө" берүүсүнөн жооп издейбиз.
#мобилизация #мигрант #россия
0:00 Башталышы
2:25 Мобилизациянын жүрүшү жана эпкини
5:48 Путиндин мобилизация жарыялоосунун себеби эмнеде?
7:11 Эмнеге Орусияда мобилизацияны терс кабыл алышууда?
9:28 Мобилизация улуттук азчылыктарды кырып жок кылабы?
11:32 Москвадан азыраак, аймактардан көбүрөөк киши тартылууда. Себеби эмнеде?
14:51 Аскерге чакыруу алган кыргыз мигранттары көбөйдүбү?
19:22 Кош жарандыгы барлар Кыргызстандын жарандыгын колдоно алабы?
20:42 Аскерге чакырылып, бирок барбай койгон кыргыз мигранты
23:41 "Башы иштегендер өлкөдөн кетип жатат"
25:42 Аскерге жазылып, жарандык алууну көздөгөндөр
28:17 Орусиядан Кыргызстанга качып келгендер
32:00 Мобилизация өлкөнүн ичинде жана сыртында кандай кесепеттерге алып келиши мүмкүн?
_________________________________________
Биздин сайт - [ Ссылка ]
Instagram - [ Ссылка ]
[ Ссылка ]
Фейсбук - [ Ссылка ]
[ Ссылка ]
Ютуб - [ Ссылка ]
Телеграм - [ Ссылка ]
[ Ссылка ]
Ещё видео!