Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директорунун орун басары Алмаз Букалаев Орусияда мигранттар миграциялык каттоо боюнча расмий билдирүүгө караганда бурмаланган маалыматка бат ишенип кеткенин “Азаттыктын” “Эксперттер талдайт” берүүсүндө айтты.
Ал Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги дайыма маалымдоо иштерин жүргүзүп турарын кошумчалады.
“Элчилик үзгүлтүксүз маалымдоо иштерин жүргүзүп турат. Миграциялык каттоо боюнча расмий билдирүү жасады. Бирок көбү ошол билдирүүнүн негизинде иш жүргүзбөй, бурмаланган маалыматка көп ишенип, ушундай жагдайга алып келип жатат…
Эгер Кыргызстандын жараны Орусияда мыйзамдуу жүрсө ага Орусиянын чек арасынан чыгып кирүүнүн кажети жок. Иш келишими болсо ошонун негизинде миграциялык каттоо бир жылга чейин узартылат. Ошол документтердин бардыгы болсо Орусиядан чыгып-кирүүнүн кажети жок. Дүрбөлөңгө түшпөй, элчиликтин, Тышкы иштер министрлигинин, Миграция министрлигинин расмий маалыматына таяныш керек”, - деди ал.
_________________________________________
Биздин сайт - [ Ссылка ]
Instagram - [ Ссылка ]
[ Ссылка ]
Фейсбук - [ Ссылка ]
[ Ссылка ]
Ютуб - [ Ссылка ]
Телеграм - [ Ссылка ]
[ Ссылка ]
Ещё видео!