- Орус армиясы Украинанын аймагына кайрадан жапырт ракеталык сокку урду. Москва муну "украин армиясынын Батыштын куралы менен орусиялык объектилерге жасаган чабуулдарына жооп" деп атады.
- Бишкекте Үчүнчү элдик курултай башталды. Анда делегаттар аймактардагы социалдык көйгөйлөргө басым жасап, таза суу, трансформация иштери, саламаттык сактоо, жол сыяктуу көйгөйлөрдү көтөрүүдө.
- Европарламент Кыргызстанда адам укуктарынын абалына тынчсызданып, өлкө демократия жолунан тайганын белгиледи. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Европарламенттин резолюциясын өлкөнүн сот жана тартип коргоо органдарына "кысым көрсөтүү аракети" деп сыпаттады.
0:00 Анонс:
1:14 Украинага жапырт ракеталык чабуул жасалды
5:08 Генералдын өлүмүнө шектүү жаран эки айга камалды
6:41 Курултайда кандай көйгөйлөр айтылды?
12:40 Европарламент Кыргызстандагы адам укуктарына кабатыр
18:15 Кыз ала качкандар кармалды
19:29 Чек ара боюнча документтер даярдалуууда
20:47 Асыл тукум койлор эмнеге кымбат?
“Данисте” берүүсүнүн асыл тукум мал чарбалар тууралуу чыгарылышын 21-декабрда саат 20:00дө УТРКдан көрсөңүз болот. Программа ошондой эле “Азаттыктын” сайтына жана соцтармактагы баракчаларына 23-декабрда жайгаштырылат.
24:28 Аягы
_____________________________________________________________________
ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт.
Биздин сайт - www.azattyk.org
Instagram - [ Ссылка ]
[ Ссылка ]
Фейсбук - [ Ссылка ]
[ Ссылка ]
Ютуб -[ Ссылка ]...
Телеграм - [ Ссылка ]
[ Ссылка ]
Ещё видео!