Өзбекстан Президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстандагы мамлекеттик сапарынын жыйынтыгында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду
Бүгүн, 27-январда, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик сапарынын алкагында кыргыз-өзбек биргелешкен кызматташтыгын арттырууга багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.
Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосунда кеңири камтылган стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө Декларацияга кол коюшту.
Президент Садыр Жапаров: Биз кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо процессин аяктап жатабыз. Бул чынында тарыхый окуя
«Бүгүн биз кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо процессин аяктап жатабыз. Бул чынында эле тарыхый окуя. Биз чек ара маселелери боюнча диалогго жана өз ара алгылыктуу чечимдерди издөөгө даяр экенибизди көрсөттүк.
Чек ара маселелерине чекит коюу менен биз келечек муундарыбыздын туруктуу, ишенимдүү өнүгүүсү жана гүлдөп-өсүшү үчүн бекем пайдубалды түптөйбүз деп ишенем”,- деп Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 27-январда, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев менен анын өлкөгө болгон мамлекеттик сапарынын алкагында, кеңири форматта жолугушуусунда баса белгиледи.
Садыр Жапаров кандай президент?
👉[ Ссылка ]
Акыркы жаңылыктар, кызыктуу видеолор
Телеграм каналыбызда
Катталыңыз 👇 Бөлүшүңүз
[ Ссылка ]
#кыргызстан #бишкек #бишкеккабар #акыркыкабарлар #новости #камчыбекташиев #садыржапаров #жогоркукенеш #жогоркукеңеш #azamatabdiev #azamatlive #азаматабдиев #тезкөр #тезкор #чүй #чуй #баткен #ош #жалалабад #талас #нарын #ысыккол #ысыккөл #ысыккуль #жаңылыктар #кабарлар #шавкатмирзиёев #шавкат_мирзиёйев #өзбекстан #узбекистан #ташкент #бишкек
Ещё видео!