Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш айылына салдырып жаткан хан сарайы тууралуу бир топ маалыматтар ачыкка чыгып, коомчулуктун көӊүлүн бурду. “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев аталган жер тилкеси кезинде Бакиевдер басып алганын, андан кийин кыймылсыз мүлктүн учурдагы бийликке тиешелүү адамдар сатып алып, сатып отуруп аягында президент Алмазбек Атамбаевге токтогонун айткан. Бул маалыматты КСДПнын лидери Иса Өмүркулов ырастап, “Атамбаев жерди Ибраимовдордун үй-бүлөсүнөн мыйзамдуу түрдө сатып алган. Жердин аянты 27,15 гектар эмес, 2,5 гектар. Атамбаев акчага сатып алган", - деп жооп берген болчу.
Ещё видео!