Нурайым Шаршенбаванын «Өкүт» деп аталган аңгемеси мени «мезгил машинасына» отургузуп, 90-жылдарга, менин өспүрүм кезиме алып жөнөдү. Ошол кез кадимкидей көз алдыма тартылды. Көчө бойлой турган сатуучулар (эмнени гана сатышпады алар!), арасында чемичке толтурулган кичинекей мүшөктөрү барлар да турушчу. Элдин баарынын жүзү, жалпы мезгилдин жүзү бипбирдей көрүнчү экен, ойлосом. Ал кыргыздын башына түшкөн улуу депрессиянын жүзү болсо керек. Ошондой кездин өспүрүмдөрү эмнени гана көрбөдүк, кандай адам боло алдык жыйынтыгында? Кандай баалуулук, кандай тарбия менен жетилдик? Көп ойго салды аңгеме. Сиз да угуп, пикир калтырыңыз.
Ещё видео!