Бейпил түн - Мончок досторуна бейпил түн каалайт.
Нарситеңиз күндө уктаардын алдында, китептеги башкы каарман борсулдаган, шайыр күчүк Мончок менен чогуу ырдап, анын короодогу ар бир досуна бейпил түн каалап, маанайы көтөрүлсүн. Ал эми бул китепти наристеңиз менен күндө чогуу окуу, ырдоо, уктаардын алдындагы эң сонун адаттардын бирине айлануусуна тилектешпиз.
Китептин авторлору: Арстанбек Жолочу, Айсулуу Алмаз
Тексттин автору: Керез Шалдырова
Сүрөтчү: Омайра Микаэль
Музыкасы: Мета Чөйрө Team
Ырдын тексти:
Борс-борс үрүп Мончогум,
Күндүз кечке ойнодуң.
“Бейпил түн” деп айтып кел,
Уктагыча досторуң.
Ой, Мончогум, Мончогум,
Тоок уяга токтогун.
“Түнүң бейпил болсун” де,
Жөжөлөрүң коркпосун.
Тай, торпокко баралы,
Андан кабар алалы.
“Түнүң бейпил болсун” де,
Бүркөлбөсүн кабагы.
Козу, улак уктасын,
Бөрү үнүн укпасын.
“Түнүң бейпил болсун” де,
Сыртка жалгыз чыкпасын.
Ой, бөжөгүм, бөжөгүм,
Сенин укмуш өнөрүң.
Сага дагы бейпил түн,
Таң агарса көрөмүн.
Мышык дагы жатыптыр,
Башын бекем катыптыр.
Ага дагы бейпил түн,
Ал уйкуга батыптыр.
Мен да жатып уктайын,
Табактан сүт ууртайын.
Баарыңарга бейпил түн,
Эртең күтөт жаңы күн.
Мончок дагы уктаптыр,
Эч ким эстен чыкпаптыр.
“Бейпил түн” деп баарына,
Жаздыгына ыктаптыр.
©️2024 Баардык укуктар корголгон. Бул чыгарманын эч бир бөлүгүн уруксаатсыз көчүрүүгө, кайра жаздырууга, басып чыгарууга, ар түрдүү формада (аудио, видео, текст, сүрөт ж.б.у.с) таратууга тыюу салынат жана мыйзам чегинде жоопко тартылат.
Ещё видео!