Аткаруучу: Азиза Адиева
Обону: Сталбек Бактыгулов
Сөзү: Каныбек Иманалиевдики
Гүл болуп өбүлбөдүң.
Нур болуп төгүлбөдүң.
Күн чубак чыга келип,
Түн сымак көрүнгөнүң.
Кайырма: Өкүнткөн кайран жашым,
Өтө элек арман жашым.
Бактылуу болсон экен.
Батысыз армандашым.
Көктөгү желбирегим,
Шактагы жалбырагым.
Таалайга туш болбодуң,
Таба албай жалдырадым.
Кайырма: Өкүнткөн кайран жашым,
Өтө элек арман жашым.
Бактылуу болсон экен.
Батысыз армандашым.
Шуруңду карматпадың,
Нуруңдан алдастадым,
Мунумдү билип туруп,
Бугумду таркатпадың.
Кайырма: Өкүнткөн кайран жашым,
Өтө элек арман жашым.
Бактылуу болсон экен.
Батысыз армандашым.
Ещё видео!