Күүнүн автору Атай Огонбаевдики
Мейилкан Козубекова 1932-жылы Талас районунда туулган. Он эки жашынан комуз чертип, Атайдан, Эркесарыдан үлгү алган. 1955-жылы өздүк көркөм чыгармаларынын республикалык кароосуна катышып, республика боюнча биринчиликти ээлеген. Ошол эле жылы Кыргыз мамлекеттик филармониясына кабыл алынып, 1974-жылга чейин иштеген. Жаштардын жана студенттердин Бүткүл дүйнөлүк алтынчы фестивалынын лауреаты деген наамды алып, алтын медаль менен сыйланган. 1958-жылы Москвада өткөн кыргыз адабияты менен искусствосунун декадасына катышкан. Ал Эркесары, Ниязаалы, Карамолдо, Ыбырай, Атайдын күүлөрүн ийинине жеткире даана черткен. Кыргызстандын баардык жеринде Казакстанда, чет өлкөлөрдө өнөрүн тартуулаган. Өзү «Эркекыз», «Бакыт» деген күүлөрдү да чыгарган. Комузда кол ойнотмо күүлөрдүн чебери болгон. «Ардак белгиси» ордени менен сыйланган.
ЭСКЕРТҮҮ! Бул каналга КТРКнын казынасындагы материалдар жүктөлүүдө! Башка каналдарга алып жүктөгөндөргө страйк жөнөтүлөт. Буга чейин уруксатсыз Казынанын видеолорун колдонуп келген каналдарга дагы эскертүү беребиз!
#КТРКказынасы
Ещё видео!