Орусиянын президенти Владимир Путин Июнь айында АКШ президенти Жоу Байденге Афганистандан маалымат алып туруу үчүн Кыргызстандагы Кант аскер базасын колдонууну сунуш кылганы бир топ талкууларды жаратты. Бул тууралуу Британдык Таймс, Орусиялык Коммерсант газеталары, Рейтер агенттиги жазып чыккан. Бирок Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Интерфакс агенттигине кечээ интервью берип, Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна таандык базага Орусия өз алдынча эч кимди чакыра албайт деди. Кабарчыбыз Акчолпон Койчиева бул маселеге көз салды, Лавровдун билдирүүсүн эмнедеп чечмелесе болот?
Subscribe: [ Ссылка ]
Би-Би-Синин видео баяндарын толугураак сайтыбыздан көрүңүз: [ Ссылка ]
Ещё видео!