КЫРГЫЗ ТИЛИНИН ЖАЗУУ ЭРЕЖЕЛЕРИ ЖАНА ТЫНЫШ БЕЛГИЛЕРИ БОЮНЧА ИНФОГРАФИКА
Бул долбоор "Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн программасынын" алкагында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия тарабынан даярдалды.
Бул долбоор кеӊсе иш кагаздары менен иштеген мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге кыргыз тилинде туура жазуу эрежелери боюнча маалымат берүү максатын көздөйт.
Ушул максатты ишке ашыруу үчүн кеӊсе иш кагаздарында жазуу иштерине байланыштуу адистерге кыйынчылык туудурган орфографиялык жана пунктуациялык маселелер жөнөкөй түшүндүрүлөт.
Түзүүчүлөр:
Т.Н.Абылкасымова – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Котормо борборунун директору.
Т.С.Маразыков – КР УИАнын корр.-мүчөсү, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кыргыз филологиясы факультетинин кыргыз тил илими кафедрасынын башчысы, ф.и.д., профессор.
#мамтил35 #кыргызтил #жазууэреже
Ещё видео!