Кара-Суу шаарында аткарылган иштер арбын. Алардын бири катары Жоомарт Бөкөнбаев паркын реконструкциялоо иштерин айтса болот. Бүгүнкү күндө паркта курулуш иштери кызуу жүрүп, оргума курулуп, заманбап отургучтар орнотулган.
Парктагы оргуманын курулушуна Ош облустук өнүктрүү фондунан 5 млн 610 миң, Кара-Суу шаардык мэриясынан 4 млн үч жүз элүү миң сом бөлүнүп, курулуш иштери аягына чыгып, пайдаланууга берилген.
Кара-Суу сыяктуу райондук маанидеги шаарлардын көпчүлүгүндө саркынды сууларды тазалоочу станция жок. Деген менен бул маселе Кара-Суу калаасында чечилгени турат. Учурда аталган калаада саркынды сууларды тазалоочу станциянын курулушу кызуу жүрүп, тиешелүү жумуштар аткарылууда. Канализация долбоорунун жалпы баасы 5 млн үч жүз миң еврону түзөт. Долбоор Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы тарабынан каржыланат.
#кыргызстан #жанылыктар #карасуу #ош #МайрамбекТентимишов
Ещё видео!