Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккан 78 адам жаңы катталды. Бул тууралуу 18-майда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Алардын 43ү Орусиянын Соль-Илецк, үчөө Санкт-Петербург шаарларынан кайтып келген эмгек мигранттары.
Калгандары: Нарын облусунан 14, Ош облусунан алтоо, Ош шаарында бешөө, үчөө Бишкек шаарында, дагы үчөө Чүй облусунда жана Жалал-Абал облусунда бирөө.
Бир сутка ичинде 23 бейтап айыгып чыкты.
Жалпысынан 18-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1216 адамдан табылды, алардын ичинен 14 бейтап кайтыш болду, 827 бейтап айыгып чыкты.
Коронавирус коркунучуна байланыштуу Кыргызстандын айрым аймактарында өзгөчө абал режими жарыяланып, коменданттык саат киргизилген. Бул эреже 11-майдан тартып токтоду, бирок өзгөчө кырдаал режими уланууда.
Ещё видео!