— Коңурук деген өзү эмне? Адамдын дем алуу органдарынын айланасындагы булчуңдар уктаганда ал бошоп, андан улам аба жолдору да ичкерип калат. Натыйжада организмге аба кысылып өткөндүктөн үн чыгат. Ошону биз коңурук деп атайбыз.
Коңурук тартуунун эки түрү бар. Биринчиси кооптуу эмес, кадимки коңурук. Адам чарчаган маалда, оорунун тобокел фактору жок болсо кездешет. Мындай коңурук дем алууну токтотпойт. Эгерде коңурук тартуу дем алуунун токтоп калышын шарттаса, анда ал кооптуу патологиялык коңурукка кирет. Мындай учурда дем алуу органдарындагы булчуңдар бошоп, акырындап отуруп биротоло жабылып, организмге кычкылтек жетпей калат. Кычкылтексиз организм өтө кооптуу абалга кептелет
Дагы: [ Ссылка ]
Ещё видео!